Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын туугандары куугунтукка алынууда


Бул туурасында “Жарандар коррупцияга каршы” уку коргоо борборунун тараткан билдирүүсүндө айтылат. Жаңырган жылдын 10-январында Ысык-Көл районунун Сарой айылындагы “Эмгекчил” мектебине эки укук коргоо кызматкери келишкен. Алар мектептин окуу бөлүмүнүн башчысынан Төлөкан Исмаилованын бир туугандары эмне иш менен алектенээри жана Исмаилованын Ысык-Көлдө бизнеси бар-жогу тууралуу маалыматты талап кылышкан. Милиция кызматкерлери Төлөкан Исмаилованын жолдошу Асылбек Исмаилов 2008-жылдын август айында белгисиз себептерден улам мезгилсиз көз жумгандыгын айтышып, азыр анын дачасында туугандары жашап жаткандыгы тууралуу билдиришкен. 1-январда Төлөкан Исмаилова ошол милиция кызматкеринин бирине милициянын лейтенанты Турар уулу Шүкүрбекке алардын бул иш сапарынын максатын билүү үчүн телефон чалган.Укук коргоочунун суроосуна Турар уулу Шүкүрбек ага Кыргызстандык коомдук саясий ишмерлери туурасында бардык маалыматты билүү зарыл экендигин айткан. Ал эми мындай ишти жүргүзүүгө жетекчиликтин тиешелүү расмий буйругу барбы деген укук коргоочунун суроосуна ал жооп бере алган эмес. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору бул милиция кызматкерлеринин Төлөкан Исмаилованын жана анын туугандарынын жеке жашоосуна кийлигишүүсүн мыйзамсыз жана бул психологиялык кысым көрсөтүү деп эсептешет. Алар жарандардын конституциялык укугун бузган милиция кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылууда.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG