Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШ өкүлү: Саддам Ирандан коркуп, массалык куралыбыз бар деген


Саддам Хусейин камактагы сурак учурунда. 2006-жыл, ноябрь.
Саддам Хусейин камактагы сурак учурунда. 2006-жыл, ноябрь.

Саддам Хуссейн өзүн башкаларга шер көрсөтүү менен ондогон жыл Иракты башкарып турган. Бирок анын дүйнөнү Ирак ядролук куралга ээ деп ишендирүү аракети өз башына балта болуп, 2003-жылы Кошмо Штаттарын аны бийликтен кулатууга ынандырган. Бул тууралуу АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Майк МакКонел жакында мына ушул чийелешкен маселе боюнча айрым түшүндүрмө берди.

Саддам Хусейн 2006-жылы Ирак сотунда соттолгондо, аны ирак тергөөчүлөрү менен катар америкалыктар да суракка алып, эмне үчүн ал Ирактын массалык кыргын салуучу куралы бар деп ырастаганы тууралуу суроо беришкен экен. Мына эми АКШнын чалгын кызматынын иштен кетип жаткан өкүлү ошол сурактарда Саддам Ирандан корккондуктан, ушундай маалымат таркаткандыгын мойнуна алгандыгын билдирди.

АКШнын чалгын жамаатынын атайын жетекчиси МакКонелдин айтымында, сурак мезгилинде Саддам "Силер бир нерсени түшүнбөй жатасыңар. Менин чек арамда Иран турат. Ирандыктарды менин ушундай дареметим бар экендигине ынандырышым керек болчу. Бул үчүн мен биринчи өзүмдүн генералдарымды буга ишендиришим керек болгон" деп айткан.

МакКонелдин айтканына ылайык, америкалык чалгынчылар генералдар менен полковниктердин жүрүм-турумуна жана айткандарына көңүл бурушкан. "Ал убакта Саддамдын мышык-чычкан ойноп жаткандыгын билген эмеспиз, ал айланасындагыларды Иракта ядролук курал бар экендигине ишендиргенге аракет кылган" дейт ал.

8-январда АКШ сыналгысынын коомдук иштер программасында сүйлөгөн сөзүндө МакКонел Саддам буга чейин өз элине каршы нерв газын пайдалангандыктан, Вашингтонду анын колунда массалык кыргын салуучу курал бар деп ишендирүү анча кыйын болгон эмес.

Саддам 2006-жылдын этегинде өлүм жазасына тартылган. Андан бери кыргын куралдары тууралуу Вашингтондун тынчсыздануусу Иран тарапка ооду. Кошмо Штаттары Иранды ядролук курал жасап жатат деп шектенет, бирок Тегеран анын программасы тынчтык максатты гана көздөй тургандыгын ырастап, ядролук курал жасоодо пайдаланылуучу байытылган уран өндүрүүнү токтотпой келатат.

МакКонелдин сөзү боюнча, ал өзү Иран ядролук курал жасагысы келет деп ишенет. Анын айтымында, эл аралык чалгын жамааты Тегеран 2010-2015-жылдары ядролук куралга ээ болот деп эсептейт.

Ошол эле убакта ал Тегеран ядролук куралдын артынан түшкөндүгүнө айдан ачык далил жок экендигин моюнга алат. АКШнын чалгын кызматтарынын ишин көзөмөлдөгөн МакКонелдин пикиринде, Вашингтон Иракта алган сабактан кийин, алды менен ачык-айрым далил болуш керек, ошондо Ирактагыдай ката эч качан кайталанбайт.

XS
SM
MD
LG