Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Ош: Жаштар кыргыз тилин коргоого аттанды


Ошто кыргыз тилдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн жаштар комиссиясы түзүлүп иштей баштады. Айрым талдоочулар мамлекеттик тил абалы мындай уюмдар аркылуу эмес, мыйзамдар ишке киргенде оңолоорун айтышууда.

Жаштар комиссиясынын курамына өз тилинин патриоттору деп саналган жыйырма адам мүчөлүккө кабыл алынды. Алар жаштарды кыргыз тилине салкын мамиле жасабоого чакырык салышты.

Деген менен айрым серепчилер түштүк жергесиндеги чиешелкен тил маселесин жөнгө салууга бийликтин чама-чаркы жетпей турганда, жаштар курулай кыйкырыктар менен эле чектелет, деп болжоп жатышат.

Улуттук тил комиссиясынын демилгеси астында түзүлгөн жаштар комиссиясынын жетекчиси Кыял Акматовдун пикиринде, соңку мезгилде эне-тил баркын сезбей, башка тилде сүйлөөнү өнөр көргөн жаштардын саны артууда:

- Кыргыз тилин чанып жаткандар - булар жаштар болуп жатпайбы. Биз ошол жаштардын намысын ойготуп, патриоттукка үндөйлү деп турабыз. Алар кыргыз тили менен өнүп-өспөйбүз деген пикирде.

Жаштар комиссиясы бир гана курбалдаштары менен иш алпарып тим болбостон, шаардагы жайнаган көрнөк-жарнактардагы очойгон каталар менен да күрөшүп, тийиштүү органдарга кайрылып теске салат, дейт Кыял Акматов:

- Бийлик дагы ушундай нерселерге көңүлкош жасап жатабы, эмнегедир көрнөк-жарнактардагы оркойгон каталарга маани беришпейт. Туура эмес которулган, одоно каталарды эми жаштар комиссиясы тил адистеринин жардамында оңдогонго аракет жасайбыз.

Кыргыз өкмөтү бул аймактагы тил маселесин байма-бай көтөрүп келишкени менен, ушуга чейин өзбек тилдүү маалымат каражаттарынын берүүлөрүнүн тең жарымын кыргызчага өткөрө албай убара тартышууда.

Жаш лидер Эрнис Толтоев бул жаатта бир топ маселе көтөрүп, маалымат каражаттары аркылуу бир кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаровго чейин кайрылуу жасаган. Эрнис мырза өзү жетектеген уюмдун атынан өзбек тилдүү маалымат каражаттарынын мыйзамды тоготпой жатканы тууралуу тил комиссиясынынын төрагасы Ташбоо Жумагуловго да даттанышкан.

Жаштардын кайрылуусун ошол кездеги төрага да, улуттук тил комиссиясынын жетекчиси да жоопсуз калтырышкан эле. Эми бул чиелүү маселеге жаштар комиссиясы да киришүүсү зарыл, дейт Толтоев:

- Өзбек тилдүү телеканалдардын кыргызча берүүлөргө өтпөй жатышы, кыргыз тилин басмырлагандай эле болуп жатат. Дал ушул сыяктуу көйгөйлөр менен жаштар комиссиясы күрөшүүсү зарыл. Үмүтүбүз чоң.

Деген менен жаштардын бул уюму, кыргыз тилин кадырлайлы, деп чакырык салган формалдуу уюмдардын катарын гана толуктайт, деп ишенгендер арбын көрүнөт. Маселен Ош жергесиндеги тил көйгөйүн аз эмес чагылдырган журналист Айбек Абдылдаев, качан гана жазылган мыйзамдар ишке киргенде, бул маселе мындай уюмдарсыз эле ишке ашат деген пикирде:

-Мындай формалдуу уюмдарды бир эмес миң жолу түзгөндө деле алар эмнени чече алышат? Болгону тилдин көйгөйүн айтып кайрыла алышат. Бирок ал дагы эле чечилбей кала берет. Парламент өзү кабыл алган мыйзамдарды гана иштеткенде, бул маселеден арылууга болот.

Чындыгында, кыргыз парламенттинин маалымат каражаттары менчигинин түрүнө карабастан көрсөтүүлөрдүн алтымыш пайыздан кем эмеси мамлекеттик тилде болсун деген мыйзамы Оштогу бир дагы теле-радиолор аткарбай келет.

Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, улуттук тил комиссиясы бат-баттан эч нерсе чече албаган уюмдарды түзүү өнөкөтүн токтотуп, жазылган мыйзамдарды гана ишке ашырууну талап кылуу зарыл, деп белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG