Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

«КыргызPRESS» Интернет гезити эки күндөн бери ачылбай жатат


Бул тууралуу “Ата-Мекен” партиясынан билдиришти. Партиянын басма сөз кызматы маалымдагандай, «КыргызPRESS» Интернет гезити кечээтен бери белгисиз себептерден улам ачылбай калган. Иликтөөлөр сайт Кыргызстандын ичинде гана ачылбай жатканын көрсөткөн. Адистер сайтты интернет кызматынын провайдерлери же КыргызТелеком чыгарбай жатышы мүмкүн деп айтышкан. Ал эми КыргызТелеком бул багытта суроолорго жүйөөлүү жооп бербегенин аталган партиянын басма-сөз кызматынан билдиришти. «КыргызPRESSтин» айрым сайттары учурда www.journalistter.ning.com сайтына которулган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG