Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Эми студенттик акыйткатчылар түзүлөт


Учурда Акыйкатчы институтунун жаштар жана студенттердин укугун коргоо кеңеши окуу жайларда студенттик акыйкатчыларды түзүүгө аракеттенип жатат. Бул туурасында институттун адам укуктары боюнча эксперти Тимур Шайхуддинов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул окуу жайлардагы абалды жеринде жөнгө салууга жана студенттердин укугун коргоого жардам берет. “Окуу жайлардын акыйкатчыларын түзүү демилгесин студенттердин өздөрү колдогон менен администрация каршы болуп келет. Учурда ушул маанилүү долбоордун үстүндө иштеп жатабыз”,-дейт Т.Шайхуддинов. Аталган кеңеш өткөн жылы жай айларында түзүлгөн. Анда 15 ке чукул демилгечи жаштар иштеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG