Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Б.Бешимов: Д.Үсөнов энергетика ишканаларын менчиктештирүү үчүн келди


Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун бүгүн “Азаттыкка” билдирген пикирине караганда, Данияр Үсөнов президенттик администрация жетекчилигине энергетика тармагындагы ишканаларды менчиктештирүүнү аягына чыгарыш үчүн коюлду. Белгилүү болгондой өкмөт Бишкек жылуулук борбору, "Түндүкэлектро" жана "Бишкекжылуулуктармактар" ишканаларын бириктирип саттыкка койгон. Сатып алууларга документтерди кабыл алуу 27-январда соңуна чыгат. Ал эми Марат Султановдун Каржы министрлигине дайындалганына токтолгон Бакыт Бешимов, анын максаты дүйнөлүк каржы кризисине каршы туруу экенин белгиледи.Социал-демократиялык фракциянын лидери Үсөновдун келиши менен бийлик келерки президенттик шайлоого даярдыкты көрө баштаарын,оппозиция менен тил табуу да Үсөновго жүктөлгөн негизги милдеттерден экенин кошумчалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG