Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Мамлекеттик катчыда ажылык жыйынтыкталды


Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу бүгүн жыйын өткөрүп, анда өткөн жылкы ажылыкты уюштуруу жана аткаруу маселеси каралды. Ажылыкты уюштуруу боюнча маалыматтар угулуп, негизинен кубаттоого алынды. Ошол эле мезгилде кемчиликтер белгиленип, аны кайталабоо боюнча мамлекеттик катчы протоколдук түрдө тийиштүү органдарга тапшырма берди. Аны көзөмөлдөө вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаевага жүктөлдү. Кемчилик катары коммерциялык жол менен Алма-Ата шаарынан 500дөй атуулдун ажылык үчүн виза ачуусу, алардын айрымдарынын жалган виза болуп чыгышы, айрым топтордун өз убагында мекенине келе албай калышы аталды. Бул тууралуу дин боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG