Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кыш чилдеде Европанын газсыз калганына экинчи аптага аяк басты


Европа өлкөлөрүнө Орусиядан газ келбей калганына экинчи жумага аяк басты. Анын аралыгында Орусия менен Украинанын ортосундагы газ талашы дале уланууда.

14-январь, шаршембиде Европанын басымдуу бөлүгүндө суук катуу бойдон калды. Бул күнү да тоңгон континентке Орусиядан күтүлгөн газ келген жок. Орусиянын "Газпрому" Украинанын куурлары аркылуу Европага экинчи газ жиберүү аракетинен майнап чыкпагандыгын айтып, алаканын жайды. Алдыңкы күнү Балканга жана Түркяига Украина аркылуу газ жиберүүнүн дароо эле кайра токтотулушу европалыктардын тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.

Шейшембидеги окуялар соода акыйнегинин жаңы айлампасына түрткү болду. Украина Орусияны тескери түтүктөр менен газ жиберди деп ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик "НАФТАГАЗ" ишканасынын жетекчиси Олег Дубина бул катачылыкка мындай түшүндүрмө берди:

- Тилекке каршы, Газпромдун Орловка тарапка жана Молдовага Суджа аркылуу 76 миллион куб метр газ жиберүү сунушун ишке ашыруу мүмкүн эмес. Орусиядан Европага газ келбей калгандан бери, Украинанын газ ташуу системасы бир бүтүн тармак болуп иштеп калган. Азыр эми газды Гаспром каалаган багытта жөнөтө баштасак, Одесса, Донецк дубаны, Луганск, жана кайсы бир деңгээлде Днепропетровск дубаны газсыз калат.

"Газпромдун" маалымат катчысы Сергей Купрянов Украинанын "Европага жана Украина делген газды аралаштырбаш үчүн, газ түтүктөрүн жабууга туура келип жатат" деген ырастоосун четке какты:

- Украинанын газ ташуу системасынын босогосунда абал ушундай, украин тарабынын жол тосууга технологиялык мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт деп айтканы чындыкка дал келбейт. Биз өз тарабыбыздан бардык крандарды ачтык, Украин тарабы мындай кылган жок.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин өз кезегинде учурдагы абалга болуп көрбөгөндөй сыпайылык менен мындайча баа берди:

- Балким Украинанын газ ташуу системасы аркылуу газ жиберүүгө техникалык шарт начардыр. Мындай болушу мүмкүн. Бирок анда бул тууралуу ачык айтыш керек да. Биз бүгүн кандай ташуу системасы менен иштеп жатканыбызды жана Украинанын ташуу системасы деги газ ташууга жараар-жарабасын түшүнүшүбүз зарыл.

Украинанын президенти да бул күнү жергиликтүү сыналгыдан чыгып сүйлөп, бирок Путинден алда-канча оройлук менен, Москвага Украинада будуң-чаң салгысы келип жатат деген кине такты:

- Украинага каршы бул чабуулдун бир нече максаты бар. Алар Украинада ички саясий кырдаалды былгытып, орус-украин алакаларына айрыкча көз каранды болгон аймактарда саясий активизмди козутуп жатышат.

Анын аралыгында, Европа комиссиясынын президенти Хозе Бароссо европалык компанияларга Европага газ тез арада жибериле баштамайынча, орус жана украин энергетика компаниялары менен соттошууга кеңеш берди.

XS
SM
MD
LG