Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Тоолуу райондордо карышкыр менен чөө көбөйдү


Облустук бийликтин маалымдоосуна караганда, тоолуу райондордо карышкырлар жана чөөлөр кесин көбөйдү. Жергиликтүү калк болсо, Өкмөт чечкиндүү чара көрбөсө, күтүүсүздөн кол салган жырткычтар төрт түлүк малды кырып салабы деп кыжаалат.

Ош облустук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Бегиев «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Мергенчилик агенттигинин берген маалыматтары боюнча, Кыргызстанда бир жарым миңдин тегерегинде карышкыр болуш керек экен бул табигый чөйрөдө баланс сактап туруш үчүн. Азыркы күндө үч жарым-төрт миңге жакын карышкыр бар деп расмий маалымат берип атышат. Туура, чөө, бөрү жана башка жырткычтар азыркы учурда көбөйүп атат. Айылдын четине чейин келип малга кол салып аткандан кийин адамдарга кол салбайт деген кепилдик жок, кол салышы мүмкүн деген коркунуч бар.

Кар калың түшкөндүктөн, азыксыз калган карышкырлар тоо ичиндеги айылдарга чейин жойлоп, короодо жуушаган төрт түлүк малга күнү-түнү дүрбөлөң салып турган чагы. Араван районунун тээ алыскы Чөгөм кыштагынын тургуну Жаңыбай аттуу жигит көргөнүн мындайча баян этти:

- Жылдагыга караганда каршыкыр салыштырмалуу көбүрөк. Топоздорго кол салып атат, талаада калган малдарды издегендей таап тынымсыз жеп турат. Биздин зонада атайын мергенчи барып карышкыр аткан күн болгон эмес.

Алай районунун атактуу Кара-Киндик кыштоосун жайлаган Таасылкан Абдылдаева күйөөсү экөө кезектешип мал кайтарат:

- Карышкырлар көбүнчө биз менен аралашып эле жайлоодо жүрүшөт. Жылкы түнөп калса жарып жеп кетет. Анан биз мылтык, тарсылдак менен кичине айбаттап турабыз. Кооптонбой эшикти жаап, тарсылдактан бир-экини ыргытып, жарык кылып турабыз, өзүбүздү коргоп.

С
өзүнүн соңунда Таасылкан Абдылдаева мылтыкка ок-дары кымбаттыгын жана тартыштыгын жашырган жок.

Көп жылдар бою аңчылык менен оокат кылган каракулжалык Адылбек Машаев Ош облусу мал киндиктүү аймак экендигин эске салып, буларга токтолду:

- Шарт түзүп курал-жарактан, ок-дарыдан бергенде мергенчилер дагы көбөйүшүп, кызыгышып карышкыларды атып, элдин малын сактайт беле деген ойдомун.

Аңчылык департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча өкүлү Өктөмжан Сабыровдун баамында, тоолуу айыл-кыштактарды жойлогон карышкыр, чөөлөрдүн эсеби жок. Азырынча жырткычтарга 71 кара мал, 41 жылкы, 37 топоз, 347 кой-эчки жем болду:

- Маалыматтар боюнча Ош облусунда үйүр менен жүргөн карышкырлар көп эле болуп атат, айрыкча кар калың түшкөн Чоң-Алай, Алай, Каракулжа райондорунда. Карышкыр атууга транспорт жетишпейт, андан тышкары мергенчилерди ок-дары менен камсыз кылуу жагы, анан өзүбүздө иштеген кызматкерлердин кызматтык куралы эскирген, ошолорду алмаштырышыбыз керек.

Өктөмжан Сабыров карамагында иштеген 13 егер, 10 аңчы эч нерсеге үлгүрбөй жаткандыгын, кошумча күчтөргө муктаждыгын да моюндады.


XS
SM
MD
LG