Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Дин жана илим Астрономия жылында


Үстүбүздөгү жылды Бириккен Улуттар уюму Астрономиянын жылы деп жарыялаган, себеби мындан туура 400 жыл илгери Галелео Галилей христиан чиркөөсү ырастагандай, дүйнө жердин айланасында эмес, жер күндүн айланасында айланат деген теорияны ырастаган. Галилейден кийинки Кайра жаралуу доорунда Европада астраномониянын гүлдөп-өнүгүшүн ага чейинки кылымдардагы Исламдын "алтын доору" шарттаган. Ал эми астрономия илими байыркы замандардан эле ар бир элди кызыктырып, диний ишенимдерге жана дүйнөгө болгон көз караштарга терең таасир тийгизген.

Байыртадан кыргыздар көк асмандын кудайы Көкө Теңирди карманган. Торанын биринчи китеби Генезисде "Башында кудай асманды жана жерди жараткан" деп айтылат. Ал эми Куран Алланы "Асмандардын жана жердин жаратуучусу" деп атайт.

Адам баласы бара-бара асманды жана андагы планета, жылдыздарды илимий жактан да изилдей баштаган. Бул жаатта байыркы Персияда, Индияда жана Грецияда ири жылыштар жасалган. Байыркы Рим империясы басып турган Египетте жашаган, грекче жазган Птоломей Жер дүйнөнүн чок ортосунда жайгашкан, ал эми күн, планеталар жана жылдыздар жерди айланып жүрүшөт деп ишенген. Католик христиан окууларынын өзөгүн түзгөн анын бул теориясын 16-кылымда поляк Коперник төгүндөп, жер күн системасына кирет жана күндү айланып жүрөт, ал эми күн системасы андан алда-канча зор дүйнөнүн бир гана бөлүгү деп чыккан.

Бул теорияны 1609-жылы италиялык астроном, телескопту жакшырткандыгы үчүн "астрономиянын атасы" атыккан Галилео Галилей бышыктаган. Бул үчүн Ватикан бийликтери Галилейди "дин бузар" деп, түрмөгө салган. Мына эми быйыл биз Галилейдин эмгегинин 400 жылдыгын майрамдап жатабыз.

Башкача айтканда, адам баласы Жаратуучуну тааныгысы келгенде ар дайым көк асманга тигилген. Ошол эле мезгилде асмандагы көрүнүштөрдү жана планеталар менен жылдыздарды изилдеп, аларды илим аркылуу түшүнүүгө далалаттанган. Ишеним менен акылдын, дин менен илимдин ортосундагы байланыш ушул күндөрү Парижде ачылып жаткан окумуштуулар жыйынында талкууланууда.

Галилейден кийин Европада Акылдын жана Илимдин Доору өкүм сүрдү. Бирок Птоломей менен Галилейдин ортосундагы бир жарым миң жыл ичинде исламдык астрономиянын Алтын Доору болгонун унутпашыбыз керек.

Алгачкы мусулман астрономдор жаңы исламдык календар түзүү үчүн асманга байкоо жүргүзүшкөн. Күнүгө беш ирет намаз окуш үчүн күндүн качан чыгарын, Меккенин кай тарапта экендигин аныкташ керек болгон. Багдаддан Самарканга, Испаниянын Андалузиясынан Истамбулга чейинки зор мейкиндикте жашап өткөн исламдык астрономдордун бай жана узун тизмеси бар. Анын ичинде Мухамад ибн Жабир ал-Харрани ал-Баттани 900 жылдары бир жылда 365 күн, беш саат, 46 мүнөт, 24 секунд бар деп эсептеп чыгат. Улуу Персияда жашаган түрк астроному Улукбек тригонометрияда жана жылдыздарды эсепке алууда чоң ачылыштарды жасаган. Анын Самарканддын так ортосундагы обсерваториясынын пайдубалын бүгүн да Регистан аянтынан көрө алабыз.

Исламдык Алтын доор менен андан кийинки европалык Акыл-эстин доорунун ортосундагы байланышты изилдеген Жорж Салиба Нью-Йорктогу Колумбия университетинде сабак берет.

Анын пикиринде, исламдын илимге кошкон негизги салымы астрономияны физикалык көрүнүштөрдү математикалык так тил менен түшүндүрүүгө боло турган башка илимдердин катарына кошкондугунда эле.

Мына ошол атактуу мусулман аалымдарынын аягы эмне үчүн акыркы 300 жылда суюлуп кетти? Амин Малоуф сыяктуу окумуштуулар муну мусулман өлкөлөрдө саясий эркиндиктердин чектелип калгандыгы менен түшүндүрүшөт.

Ал эми теги Ливандык Жорж Салиба бул Европадан башка бардык жерлерге тийешеси бар деп эсептейт:

- Дүйнөнүн калган жактарында да артка чегинүү болгон. Бул исламдык цивилизацияга гана тийешелүү эмес. Индияда, Кытайда, иш жүзүндө Европадан башка бардык жерлерде ушундай болгон. Айрымдар курандан, исламдын өзүнөн кемтик табууга аракеттенишет, бирок чындыгында Европа алга суурулуп чыкканда, бүт калган дүйнө артта калган.

Галилелонун эмгегине арналган быйылкы астрономия жылында, айрымдар Католик чиркөөсү деле окумуштууну абакка салгандыгын эстешээри анык. 1992-жылы гана ал кездеги Рим папасы Иоан Павел Экинчи бул үчүн кечирим сурап, Галилейди реабилитациялаган.

Бирок Парижде 15-16-январ күндөрү өтүп жаткан астрономиялык жыйындын катышуучусу, өзү иезут орденине кирген Ги Консолмагно Гелилеодон бери католик чиркөөсүнүн өкүлдөрү да астрономияда чоң ачылыштарды жасаганын белгилейт. Ги Консолмагно - илимдеги жетишкендиктери үчүн аты астероидге берилген америкалык илимпоз. Ал эскергендей, мисалы Алберт Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына жооп кылып, белгиялык катардагы кечил Георг Леметр 1930-жылдары дүйнөнүн зор жарылуудан башталгандыгы тууралуу теорияны иштеп чыккан.

Астрономия жылында кандай кеңештер бар болду экен?

- Менимче астронимиядан да, динден да биз бул дүйнө бир беткей жалпак жер эмес экендигин билебиз. Биз алда-канча кеңири, чындыгында да көздүн жоосун алган кооз дүйнөнүн бир бөлүгүбүз, - деген америкалык католик илимпозу асманга үңүлүп, жылдыздардын сыйкырына кабылууга кеңеш берет.
XS
SM
MD
LG