Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары президент Курманбек Бакиевдин кадрдык алмаштыруулары жөнүндө жазып жатышат.

“Жогорку билими барлардын көбү жалданма жаңы таптын – мандикерлердин катарын толуктап жатат. Бир тобу алып сатар болуп алды. Жумушсуздары андан көп, атүгүл айрымдары молдого айланып кетти. Айрым академиктер, илимпоздор элдин көзүн ачмак түгүл кайра ага кайдагы бир түркөй түшүнүктөрдү тартуулап жүрсө, акын-жазуучулар жармач патриотизмге түшүп алышты. Арасында эртең менен бирди, түштөн кийин бирди сүйлөп калган айнымайлары аз эмес. Айрымдары кезинде 1-президентти “машайык” деп макташты. Эми ошолор 2-президентти да кыргыздын бактысына жаралган деп жасакерленип жатышат” деп айткандары бүгүн жарык көргөн “Айат пресс” гезитине жарыяланган белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин интервьюсунун аты “Интеллигенция эмес, интеллект керек” деп аталат. Уландысы кийинки санга калтырылган бул маектешүүнү гезит баяндамачысы Олжобай Шакир алып барган.

Ушул эле гезит Болот Шерниязовдун “Саясый кузгундардан кеттим” деген ат менен интервьюсун сунуш кылды. Шерниязов оппозициядан жана “Ата Мекен” партиясынын катарынан кеткенин: “Булардын баарысын мурунку, кийинки бийликке таарынгандардын гана үйүрү деп санайм. Азыр бийлик да, оппозиция да паска түшуп кетти. Биздин Орусия, Америка, Кытайга эч керегибиз жок. Аларга биздин тыптыйпыл болгонубуз гана керек. Бизге азыр тышкы душмандын кереги да жок, өзүбүздүн арабыз душманга толтура. Коом бүгүн ушул абалга жетти”, - деп мүнөздөгөн.

“Жаңырык апта” гезити “Жалкоолор менен аңкоолор пара албайт”, “Данияр Үсөнов бийликтин кадырын көкөлөтөбү же чөгөлөтөбү?”, Ээсин издеген энергетика”, “Мамлекетти ким башкарып жатканын билбей калдык”, “Таза шайлоо болмоюнча таза бийлик орнобойт” деген аталыштагы макала, интервьюларды жарыялады.

“Асман преss” гезити экс-президент Аскар Акаевдин “Энергетикалык кризис: эмне кылуу керек?” деген орус тилиндеги макаласына орун берди. Бүгүнкү саясый жана экономикалык кризистен чыгуу үчун эмне кылуу керек деген суроого жооп издеген А. Акаев, бүгүн эң ириде элдин духун көтөрүп, улут биримдигин бекемдеп, калктын бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүү, демократиялык кайра түзүүлөрдү сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө жүргүзүү зарылдыгын айтып кеңеш берген. Ушул эле санга “Президенттин иниси болуш, айрыкча биздин өлкөдө өтө эле кыйын” деген ат менен Жаныш Бакиевдин гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообу да басылды.

“Лица” гезити “Кадырбековго ким “заказ” берген?”, Борбор Азияда 500 миң мусулман христиан болуп кетти” деген ж.б. макалаларды окурмандарга сунуш кылды. Садыркуловдун иштен кетишине арналган макалада минтип айтылат: “Бакиевчил кландардын кадрдык согушу уланууда. Бирде тигил, бирде бул тарабы жеңишке жетишүүдө. Алтургай “М” аттуу жээни менен “Ж” аттуу таякеси атышып кете жаздаптыр деген ушактар эл арасына тарап кеткенге чейин жеткен. Акыры үч чоң тамагадан турган МЧС Ак үйдүн 7-кабатынан азаптуу жерге келип түштү. Азап-тозоктуу кара жерден 7-кабатка ошол МЧС анча жактыра бербеген ДТҮ – Данияр Токтогулович Үсөнов барып олтурду. Ошентип эзилишкен эки дос – Данчик менен Адаханчик кайрадан чогуу. Эми кудай буюрса биз дагы, президент Бакиев дагы эч качан эрикпейбиз. Баса Садыркулов деген “серый кардинал” болучу. Ал эми Данияр менен Адаханды айрымдар ителгиге салыштыра калып жүрүшөт. Бирок мага алар ителгиге караганда тоту кушка көбүрөөк окшош сезилет. Даана ителгилер – Жаныш менен Максим, калгандарынын баары алардын торундагы бакма чымчыктар” деп мүнөздөдү. Гезит мындан тышкары христиан дининдеги кыргыз кыз-жигиттеринин ойлорун сүрөттөрү менен жарыялап, Полноевангел чиркөөсүнүн башкы пастору Василий Казиндин “VI кылымда Бишкек аймагында христиандардын шаары болгон” деп аталган көлөмдүү интервьюсун тартуулады.

Генерал Исмаил Исаковдун “ Мен сынып, майтарылып калчулардан эмесмин” деп аталган интервьюсун бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити жарыя кылды.

Кабарчы: - Сизге кылмыш иши козголгондогу башкы максат белгилүү. Муну ким уюштуруп жатат деп ойлойсуз?

И. Исаков: - Муну уюштуруучулардын башында президент Курманбек Салиевич өзү, үй-бүлөсү бар. Мен да Кыргызстандын жараны катары бул кишиге добушумду бергем. Тагдырыма эмне жазылган болсо, мен андан качпайм. Бирок эскертип коеюн! Мага карата жасаган карасанатайлыгын, жалган жалааларын, куугунтугун токтотпосо саясый абал мындан да оорлошот.

Бул гезит ошондой эле өлкөнүн Башкы прокурору Э. Сатыбалдиев менен маектешип, Бириккен элдик кыймылынын прокуратура, милиция кызматкерлерине жана сотторго кайрылуусун басып чыгарды. Кайрылууда: “Ала-Тоо ыйык жерибиздин куту качып, элибиздин ырыскысы чачылды. Мамлекеттин тагдыры коркунучта, элдин келечеги күмөн. Жетер жерине жеттик, мындан ары мындай ыймансыз бийликке эл чыдабайт” деп жазылган. “Учур” ошону менен бирге эле учурдагы кино жагдайына да кайрылган. Ал тууралуу кинорежиссер Темир Бирназаров айтып берген. Маселен ушу тапта Оскар сыйлыгын көрсөтүлүп жаткан “Теңири” кинотасмасын тарткысы келгендер сценарийди адегенде монголдорго барып сунуш кылган, монголдор макул болбогондо казактарга барган, аны менен таанышкан казак кино жетекчилиги дароо баш тарткан. Анан алар кыргыздарга келип, алардын макулдугун оңой эле алып, каалган ойлорун ишке ашырган соң баса беришкен. Кинорежиссер Т. Бирназаровдун оюнча “Теңири” фильминде кыргыз эли жапайы, нарк-насилин унуткан, маданияттан ажыраган, аракеч калк катары шылдыңдалып көрсөтүлүп калган.

“Аалам” гезити өлкөдөгү кадрдык алмашуулар боюнча ойлорун сурап айрым атуулдарга кайрылганда буларды айтты.

Накен Касиев: “Мамлекеттин ичндеги азыркы кадр алмаштыруулардын эл үчүн эч кандай мааниси жок. Менин пикиримде болгону саясый көнүмүш оюн болуп жатат.”

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Бүгүнкү кадрдык алмаштыруулар элдин кызыкчылыгына багытталган эмес, президенттин тегерегиндеги адамдардын, үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгы болуп жатат”.

Бегиш Ааматов: “Революциядан кийин казактар биздин көп нерсебизге көз артып, ички саясатыбызга кийлигишип, акыры Каркырабызды алды. Арал деңизине суубузду куюп койду. Биз болсо бармагыбызды соруп олтуруп калдык. Эми бүгүнкү кадр алмаштырууларды мен мындайча түшүнүп турам. Орусия бизге 2 млрд. доллар карыз берип жатат. Бийликке ошого тил таап, эпке келтире турган кадрлар керек болуп жатат. Бирден бир максаты ушул болуш керек деп ойлойм.”
XS
SM
MD
LG