Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Кыргызстанда орточо айлык акы 5 миң 217 сомду түзөт


Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет. Ага ылайык, 2008-жылы өлкөдө жарандардын орточо айлык акысы 36 пайызга өскөн. Ал эми 2007-жылы бул көрсөткүч 31,3 пайызды көрсөткөн эле. Улуттук банк 2009-жылы айлык акы 6-7 пайызга көбөйөт деген божомолун берет. Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин билдирүүсүндө, Кыргызстанда керектөө куржунунун эң төмөнкү баасы - 3536 сомду түзөт. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG