Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

А.Бекназаров: Оппозиция лидерлеринин 70 пайызына кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Буга мисал катары ал “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевге, “Улуу биримдиктен” Эмил Каптагаевге, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковго жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурунку төрагасы Ишенбай Кадырбековго карата кылмыш иштеринин ачылышын далил тартты. БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров муну менен бийлик оппозицияга белдүү саясатчылардын келбешин максат кылууда дейт. “Бул үчүн бийлик эки ыкманы колго алууда, биринчиси - басым көрсөтүү же кылмыш ишин козгоо, экинчиси - оппозицияга жик салуу.” Саясатчынын айтымында, бийлик учурда оппозициядагы 3 эле кишиге кол сала албай турат. Булар: А.Бекназаров, Ө. Текебаев, Т.Тургуналиев. Буларды билдирген саясатчынын маалыматына караганда, бийлик азыр Адахан Мадумаров жана Феликс Куловдун ортомчулугунда оппозицияга жик салганы жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG