Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Жогорку Кеңеш “Маданият тууралуу” мыйзамды кабыл алды


Бул мыйзам долбоорун маданият жана маалымат министри Султан Раев сунуштаган эле. Министрдин айтымында, 1992-жылы кабыл алынган маданият жаатындагы эски мыйзам замандын талабына жооп бербей калган. Жаңы мыйзамда маданият жаатында иш алып баруунун жол-жоболору бекитилип, аны өнүктүрүүдөгү материалдык жана каржылык кепилдиктер каралган. Депутаттар арасында мыйзамдын 39-беренеси талаш жаратты. Ага ылайык чыгармачыл адамдар менен маданият жаатындагы мамлекеттик жетекчилер арасында эмгек мамилелери атайын келишим аркылуу ишке ашат. Мыйзамды талкуулоодо депутат Зайнидин Курманов бул берене Эмгек кодексине каршы келээрин белгиледи. Анткен менен аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.(EK)

XS
SM
MD
LG