Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

К.Бакиев аны бийликке алып келгендерди кысууну күчөттү


Мындай пикирин социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов бүгүн билдирип, мисал катары 2005-жылы 24-марттан кийин Ак үйдүн коменданты болгон Руслан Шаботоевдин, Ж.Жээнбековдун уулунун жоголушун, 25-март 2005-жылы президент милдетин аткарып турган И.Кадырбековдун камалышын, белгилүү ыңкылапчы, мурунку коргоо министри И.Исаковго кылмыш ишинин козголушун атап, ал эми энергетикалык кризиске алып келгендер бийликте отурат деп белгилеген. Бешимов ошондой эле азыркы мезгилде К.Бакиевди бийликке алып келгендерди куугунтуктоо күчөп жатканын, мындай кысым дагы күчөшү ыктымалдыгын атаган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG