Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

К.Бакиевдин Москвага сапарынын датасы аныктала элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислан Рыскулов бүгүн билдирди. Ал ошондой эле Манас аба майданындагы АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу боюнча эч кандай даярдыктар жок экенин белгиледи. Орус маалымат каражаттары, Курманбек Бакиев Москвага сапарынын алдында базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коет деген маалымат таратып, андай чечим Россиядан 2 миллиард доллар насыя алыш үчүн жасалат деп маалымдаган эле. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Манастагы аскерий базаны чыгаруу боюнча кыргыз бийлигинен эч кандай маалымат түшө электигин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG