Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Эртең Ош обулустук соту Ноокат окуясы боюнча ишти карайт


Бул тууралуу “Ош-медиа” борборунан билдиришти. Былтыр 1-декабрда Ноокат райондук соту Орозо айтта райакимчилигин ташбараңга алууга катышкан деп 32 жарандын алдын 20 жылга, артын 9 жылга эркинен ажыраткан эле. Сот аларды “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык тополоң чыгарып, Конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудурганы, төңкөрүш жасоого аракеттенгендиги үчүн жана жаш өспүрүмдөрдү кылмышка аралаштыргандыгы, мамлекеттик мүлктү талкалап, бийлик өкүлдөрүнө кол салгандыгы үчүн айыптуу деп тапкан. Соттун бул чечимине макул эместигин билдирип айыпталуучулар Ош обулустук сотуна каршы арыз менен кайрылышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG