Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ноокаттыктар 7 миң тонна тамекисин сата элек


Ноокат районунун акими Акматжан Махаммадов ырасташынча, өрөөндүн калкы былтыр 7 миң тонна тамеки өндүргөн. Бирок аларды сатуу кыйынчылык туудурууда. Анткени чет өлкөлүк фирмалар «сары алтындын» килосун 35-38 сомдон ашырбай жатышат. Бул нарк кеткен чыгымды да каптабайт. Ошон үчүн бааны жок дегенде 60 сомго көтөрбөсө, дыйкандар быйыл тамеки аянтын азайтууга ниеттенүүдө. Коомдук ишмер Абдыкайым Кангелдиев өкмөт кирешелүү тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурбаса, эл бара-бара тамеки экпей коюшу ыктымалдыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG