Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

14-январь: Тарых барактары


Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик Герб 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. Мындан туура 90 жыл мурун, 1918-жылдын 14-январында аскер катчысы Швец-Базарный Пишпек жумушчу жана кызыл аскер депутаттар кеңешинин төрагалыгына шайланган.

Врач Воскресенский менен бухгалтер Руцкойдун үй бүлөөлөрү уюштурган интеллигенттер ийрими кыска аралыкта Пишпек шаар тургундарынын арасында урмат, сыйга арзыган. Интеллигенттер ийриминин кадыр-баркынын артышы падышалык бийликтин жазалоочу органдарынын кызыгуусун жараткан. Петербургдук полиция департаментинин 1911-жылдын бул күнкү жашыруун белгилөөсүнө ылайык, интеллигенттер ийрими меньшевик, большевик, эсерлер сыяктуу шектүү элементтердин башын бириктире баштаган.

Мындан туура 91 жыл мурун, 1918-жылдын 14-январында аскер катчынын милдетин аткарган Швец-Базарный Пишпек жумушчу жана жоокер депутаттар Кеңешинин төрагалыгына шайланган. Коммунисттик идеологиянын аракетинен улам Кыргызстандын тарыхына жалындуу революционер катары киргизилген Швец-Базарныйдын тагдырындагы чукул бурулуш анын революциялык идеясы аркылуу эмес, тек гана Швец-Базарныйдын аскерлерге тамак паёгун жазган кызмат абалына байланыштуу болгон.

Кыргызстанда совет бийлиги орногондон кийинки маданий реформа кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын алфавитине которуу иши менен жыйынтыкталган. Ал үчүн албан даярдык көрүлүп, окумуштуулар тобу латын тамгамгаларын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө жараша ылайыкташтырып, ал түгүл «ң», «ү», «ө» сыяктуу тыбыштарүчүн атайын ишареттелген тамгалар киргизилген. Мындай камылгадан кийин 1930-жылдын башталышында борбордук гезиттер кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын алфавитине которуу иши жыйынтыкталды деп жазып чыгышкан. Илим мекемелеринде ушул эле жылдын бул күндөрү жергиликтүү калктын орус маданиятына аралашышы үчүн, орус тилин латын тамгаларына которуу демилгеси көтөрүлгөн.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик Герб 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган. «Легендарлуу парламент» атыккан Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйыны Мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоор тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн. Сунуш кылынган долбоорлор адегенде, атайын уюшулган комиссиялар элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңеш жыйынында «Нур» урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби катары кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн начальниги Садырбек Дубанаев экендиги ушул күнкү парламент жыйынында уктурулган.

XS
SM
MD
LG