Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

15-январь: Тарых барактары


Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.
Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында Совет бийлигин тааныган Токтом кабыл алган. КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында эки маанилүү Токтом кабыл алган. Алардын биринчиси, контрреволюциачыл «союздук Совет» таратылып, экинчи токтом менен Совет бийлиги таанылган. Нарын уезддик IV партиялык конференциянын иши 1921-жылдын 11-январында соңуна чыккан.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын уюшулгандыгы туурасындагы Декларация областтык ревкомдун 1925-жылдын 15-январь күнү өткөн жыйынында кабыл алынган. Ошентип, Кыргызстанда мамлекет уюштуруу салты түптөлүп, кийин ал кыргыз калкынын өз алдынча өлкө курушуна түздөн-түз түрткү берген.

Кыргыз областтынын V партиялык конференциясы 1929-жылдын 15-январында ишин баштаган. Он күнгө созулган партиялык жыйында Ортоазия ВКП (б) Борбордук комитетинин отчету талкууланып, областтык ревизиялык комитеттин аткарган иши угулган. Мындан тышкаары, большевиктер аялдарга эркиндик берүү, жакырчылыкка каршы күрөшүү жана кооперативдик курулуш тегерегинде пикир алмашышкан.

Кыргыз обком ВКП (б)нын IV пленуму 1932-жылдын 15-январында ачылып, анда Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз партиялык уюмдун иши» туурасындагы токтом талкууга алынган. Буга чейин Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде Кыргызстандагы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу маселеси каралган.

Кыргызстандык большевиктер жогорку орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жою жана колхоздоштуруу ишин ыкчамдатуу маселеси тегерегинде пикир алмашышкан.

КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдын буту кыргыз жергесине аттагандыгынан улам, Н. С. Хрущевду тоскондордун саны коркунучтуу чекке жеткен. Делебеси козголгон калк эски аэропортту коргогон укук коргоо кызматчыларынын катарын жарып өтүп, «дорогой Никита Сергеевичтин» колун кысканга аракет жасашкан.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына кезектеги толуктоо жана түзөтүү киргизиш максатында 2003-жылдын 2-февралына белгиленген Референдумга утурлай президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушкан. Президент жыйынга чогулган бишкектиктерди Конституциянын жаңы редакциясы эларалык нормаларга шайкеш келет жана ал кабыл алынса, Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы орнойт деп ишендирген.

Февраль айына белгиленген кезектеги конституциялык Референдумга байланыштуу «Арнамыс», «КДК», «Менин өлкөм», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Эл», «Ата Мекен» сыяктуу партиялар менен бирге, айрым бейөкмөт бирикмелердин өкүлдөрү 2003-жылдын 15-январында айтегерек жыйын өткөрүшкөн. Айрым саясатчылар, атап айтканда башкы коммунист Абсамат Масалиев Баш мыйзамдын жаңы редакциясын «конституциялык төңкөрүш» катары баалаган.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-январдагы жардыгына ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарында эмгектенген кызматчылардын айлык акылары жогорулатылып, аларга автоунаа, компьютердик техникалар бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, жардыкта жергиликтүү бийлик кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын ардактуу наамы киргилип, октябрь айынын акыркы дем алыш күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулугунун күнү катары белигилениши каралган.

Бул күнү, 1200-жылы король Филипп II Август Париж университетин негиздеп, 1790-жылы айтылуу драматург Александр Грибоедов, 1850-жылы таанымал математик Софья Ковалевская, 1929-жылы америкалык негрлердин укугун талашкан, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мартин Лютер Кинг, 1906-жылы атактуу жазуучу Мукай Элебаев, 1926-жылы акын Эргешбай Узакбаев, 1931-жылы таланттуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG