Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Э.Байсалов: Кремлдин Бакиевге ишеним арткысы жок


Кремль ушуну менен экинчи жолу 2 миллиард доллардык насыянын жол-жобосун өкмөт башчы Игорь Чудинов менен талкуулап отурат. Муну менен Кремль коомчулукта Москва карыз акчаны азыркы бийлик үчүн, Бакиевге колдоо көрсөтүү үчүн берип жатат деп жоромолдоодон алыс болсун деп жатат. Буга президент К. Бакиевдин Москвага барат деп, бирок барбай калганы себеп. Мындай пикирин азыр куугунтукталып, чете жүргөн саясатчы Эдил Байсалов өкмөт башчынын Орусияга болгон иш-сапарына токтолуп жатып билдирди. Анын айтымында, Кремль Кыргызстан менен мамилеси узак мөөнөткө созулушун каалайт. Андыктан ал азыркы президентке ишеним арткысы жок. Москва азыркы режимдин туруксуздугун жана өлкө башчысынын эл арасында анча аброю жок экендигин аңдап атат, дейт ал.

Байсалов ошондой эле “Манас” авиабазасы Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн уланта берээри оң экенин белгилейт. "Жаңыдан шайланган президент Обама да тышкы саясатта Ооганстанга орчундуу орун берип жатканы белгилүү. Ал жакта болсо абал курч. Бул Орусиянын дагы, Кытайдын дагы тынчын алууда. Баары АКШ президенти менен жакшы мамиле түзүүгө дилгир. Азыр Москва Кыргызстанга насыя акча берүү менен өлкөдөн АКШ авиабазасын чыгарууну көздөгөн жок, эгер аны көздөсө ал акчасыз деле жасамак. Орусиянын башкы максаты - Кыргызстан жетекчилигинин тышкы саясатта чабал экендигин көрсөтүү болчу, Кремльдин бул максаты ишке ашты”, – дейт Эдил Байсалов.(EK)

XS
SM
MD
LG