Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Ишкерлер жаңы Салык кодексине нааразы


15-январда Бишкектеги бильярд клубдарынын, сауна жана акча алмаштыруучу жайлардын ээлери жаңы Салык кодексине наарызылыгын айтышып, ай сайын төгүүчү төлөмдөрүн мурдагы өлчөмүндө калтыруу талабы менен парламент алдына пикетке чыгышты

Орто бизнес менен алектенишкен жетимишке чукул ишкерлер Жогорку Кеңештин жанына барышып, жаңы Салык кодекси боюнча патентке баа көтөрүлгөнүнө нааразы болушуп, ай сайын төгүүчү төлөмдөрүн мурда өлчөмүндө калтырууну талабы менен парламент депутаттарына кайрылышты.
Ишкерлерди колдоп пикетке чыккан ардагер

Жеке ишкер Рахатбек Стамбековдун айтымында, бийлик эгерде ушундай салык саясатын таңуулай берсе жүздөгөн адамдар ишсиз калып, үй-бүлөсүн бага албай калат.

-Былтыркы жылдын Салык кодексине караганда азыркы Салык кодексин депутаттар кабыл алганда тармактардын иш аракеттерин, анын чыгарган продукциясын же пайда көрүүчү, чыгым тартуучу жактарына көңүл бурушкан эмес. Эч бир нерсеге негизделбестен патенттин суммаларын көбөйтүп койгон. Мисалы, саунага патент төлөмдөрү бир айда 7,5 миң сом төлөнүп келсе, азыр 100 кв.м. чейин 30 миң сом, андан жогоркуларына 50 миң сом деп жатышат.

Стамбеков белгилегендей, орточо саунанын ээси бир айда электр кубатына, газ, кыймылсыз мүлк, жер салыгына жана башка төлөмдөргө 100 миң сомдон ашуун төлөнүп, мамлекет ишкердин “жон терисин” шыпырып алат экен.

Ал эми бильярд клубунун кожоюну Асылбек Акималиев мурда патентке бир бильярд столу үчүн 2,5 миң сом төлөп келсе, эми 10 миң сом төлөөгө мажбур болуп жатыптыр.

- Патенттен башка жер ижарасы деген бар, кыймылсыз мүлк салыгы деги коет, бардыгын кошкондо бир айда 300-400 миң сом мамлекетке төлөшүм керек экен. Мынча акчаны кайдан алам.

Бийлик ишкердикти өнүктүрөбүз деп жогорку трибунада айтканы менен орто бизнес менен жан баккан ишкерлердин ишин токтотууга шарт түзүп койду, дейт ишкер Айнагүл Бекбоева. Анын айтымында, көпчүлүк ишкерлер банктан ири суммадагы кредиттерди алып алышып, эми күйүп кетүү коркунучуна туш келишти.

- Саунаны өкмөт бизге салып берген эмес. Өзүбүз банктан кредит алып салганбыз. Аны эмне үчүн эсепке албайт. Кредиттин ай сайын дивидентин, канча пайыз кошуп төлөөрүбүздү өкмөт эсептесин. Биз үй-жайыбызды, саунабызды күрөөгө коюп кредит алганбыз да. Андан сырткары менин саунамда 10 үй-бүлө иштеп, жандарын багып жатышат. Эгерде сауна жабылса алар эмес мен дагы жумушу жок калам. Балдарымды ким багат?

Наталья Сбоева аттуу ишкер акча алмаштыруучу жайды иштетип, карыган энеси менен үч баласын жалгыз багып жүргөн экен, жаңы Салык кодекси боюнча ай сайын патент төлөмдөрү кыйла кымбаттагынына кейиди. Анын айтымында, бир айда 21 миң сом киреше тапса, жаңы патенттин суммасы 20 миңди чапчыган. Андан тышкары электр, ижара акылары, соцфонд, салыкты төлөй келгенде 40 миңден ашып кетет.

Жаңы Салык кодексине нааразы болушуп, патент төлөмдөрүн азайтуу талабын коюшкан ишкерлер менен парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков жана СДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева жолугушуп, бул маселени оң жагына чечүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылышканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG