Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Пакистанда ондогон согушкерлер камакка алынды


Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, исламчыл деп эсептелген ондогон согушкерлер өлкөнүн түштүгүндөгү Карачи шаарынан камакка алынды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, мунун алдында полиция рейд жүргүзгөндөн кийинки атышуулардан эки полицей каза таап, он чактысы жаракат алды. Кармалган согушкерлер кайсыл топко тиешелүү экени белгисиз. Пакистан өкмөтү соңку кездери Индияга каршы жана Талибан менен байланыштагы согушкерлерге чара көрүүсү үчүн эл аралык кысымга кабылып келүүдө.

XS
SM
MD
LG