Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Бүгүн Ленин райондук сотунда Ишенбай Кадырбековдун ишин кароо уланат


Бул күнү сот айыпталуучунун адвокаты Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берет деп күтүлүүдө. Шейшембидеги сот отурумунда Бекназаров Кадырбековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүүнү соттон сураган. Муну ал Кочкор районундагы мектепти курууда 18 млн. сом ашыкча чыгымдалгандыгы тууралуу далил сотто көрсөтүлбөгөндүгү менен негиздеген. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп соттолууда. Ноябрда башталган сот күбөлөрдү суроону улантууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG