Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Газада ХАМАС өкмөтүнүн Ички иштер министри окко учту


Израилдин чабуулдарынан Газа тилкесинде ХАМАСтын өкмөтүндөгү Ички иштер министри Саид Сеям окко учту. Ошентип, Израил үч апта мурда Газада чабуулун баштагандан бери алгачкы ирет ХАМАСтын башкы жетекчилеринин бирин жок кылды.
Жөөт аскерлери Газада Улуттар уюмунун имаратын да аткылап, ал жерде үч кызматкер жарадар болгонуна уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун нааразылык билдирген. Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бул кокустук деп кечирим сурап, ал имаратта жикчилер жашырынып турушкан деп билдирди. Газадагы кыргынды токтотууга чакырып, баш катчы Пан Ги Мун ушул күндөрү Израилде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

XS
SM
MD
LG