Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Бегалы Наргозуев “Агым” гезитин сатты


Буга чейин “Агым” гезитине кожоюндук кылып келген Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев мындай чечимди коммерциялык кызыкчылык менен байланыштырды. Депутаттын “Азаттыкка” билдирдиргенине караганда гезиттин келерки кожоюну ким экендиги жакынкы күндөрү белгилүү болот, учурда сатуу-сатып алуу жараянын укуктук жактан негиздөө иштери жүрүп жатат. "Мындан ары гезитке бир кожоюн ээлик кылат жана гезиттин аз өлчөмдөгү акцияларына ээлик кылып келгендер менен бул багытта макулдашуу болду" деди депутат. “Агым” гезитинин көзөмөл акциясын Бегалы Наргозуев эки жыл мурда УТРКнын азыркы жетекчиси Мелис Эшимкановдон сатып алган. Айрым бейрасмий булактарда кыргыз тилиндеги таасирдүү гезит саналган “Агымды” Кыргызстандагы белдүү ишкерлердин бири сатып алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG