Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

“Жашылдар” партиясы эң мыкты карикатураларга конкурс жарыялады


Бүгүн “Жашылдар” партиясынын баш кеңсеси ушундай билдирүү таратып, бүгүнтөн тарта ар кыл жанрдагы мурда жарыяланбаган карикатуралар кабыл алына баштарын жарыялашты. Конкурстун жыйынтыгында карикатуралар көргөзмөсү уюштурулуп, элдик добуш берүүнүн аркасы менен эң мыкты эмгектердин авторлору тандалмакчы. Конкурстун уюштуруучулары эгер автор өзү кааласа жашыруун ат менен да конкурска катыша аларын айтышат. Карикатуралар greens.kg@mail.ru дареги аркылуу кабыл алынмакчы. Эскерте кетсек, “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен коопсуздук кызматкерлери түрдүү карикатураларды табышып, партия төрагасы Эркин Бөлөкбаевге карата “Кыргыз Республикасынын президентинин аброюна шек келтиргени үчүн” кылмыш иши козголгон. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG