Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жогорку Кеңеш мөңгүлөр менчиккке кетет деген кептерди четке какты


Буга чейин маалымат агенттиктери, Кыргызстанда мөңгүлөр жеке колдорго өтүп кетиши ыктымал экендиги, буга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды жазып чыгышкан. Бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы мөңгүлөрдүн менчиктештирилиши тууралуу маалыматтар чындыкка коошпой тургандыгы тууралуу билдирүү таратты. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Кыргызстанга “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамы керек экендигин эскертет. (IJz)

XS
SM
MD
LG