Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Кадрдык капсалаң ...


2009-жыл өлкөдө ири кадрдык өзгөрүүлөр менен башталды. Алгач президенттик администрация башчысы алмашса, андан кийин каржы министри жаңыланды. Президенттин басма сөз катчысы да кызматынан бошоду.

Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Эднан Карабаевди тышкы иштер министри кызматынан бошотуу тууралуу президенттин жардыгы жума күнү чыкты. Бирок Эднан Карабаевге кандай кызмат сунушталганы азырынча белгисиз. Тышкы иштер министрилигине президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов дайындала турганы тууралуу маалымат Эднан Карабаев кете электе эле чыгып, Садыркулов өзү да президент тарабынан андай сунуш болгонун тастыктаган.

Медет Садыркуловдун жума күнү “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ал сунушту кабыл ала элек:

-Жок-жоок, макулдугумду бере элекмин. Анткени ал киши менен (президент) жолуга элекмин. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сөз болот го. Бирок... бул суроо ачык турат.

Ошентип, Медет Садыркуловдун тышкы иштер министрлигине баруусу кийинки жуманын башында чечиле турган болуп турат.

Бул арада жума күнү президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин кызматтан кеткени маалым болду. Шакиевдин билдирүүсүнө караганда, президенттин катчылыгы жөнүндө жардыкка бейшемби күнү кол коюлду. Ал боюнча басма сөз катчысы кызматы жоюлуп, анын милдеттери катчылыкка өткөрүлүп берилди.

Демек, президенттин маалымат жаатын эми толугу менен Оксана Малеваная жетектеген катчылык тейлейт. Бирок талдоочулар, орус тилдүү Малеваная айылдардагы кыргыздар менен кандай байланыш түзөт экен деген суроону коюшууда.Анткени президентке кат-кабарлар кыргыз тилинде келет, жер-жерлерде жолугушууларда карапайым калк кыргыз тилинде сүйлөшөт...

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, акыркы кадрдык өзгөрүүлөр президенттик шайлоо кампаниясынын башталышынан кабар берет:

-Менин оюмча, азыр президенттик шайлоо кампаниясы башталды. Кадрдык өзгөрүүлөрдүн, дайындоолордун максаты ошол. Ушуну менен старт башталды, деген Марс Сариев Садыркуловду тышкы иштер министрлигине дайындоо создугууда, анын сыры төмөнкүдө деди: Оппозицияда да лидерлер бар. Мисалы, Бактыбек Бешимов, Роза Отунбаева деген талапкерлер бар. Ак үйдөн аларга да сунуштар болот го. Анткени оппозицияны дагы бөлүш керек. Андан кадрларды тартып алыш керек.

Бирок өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, азыркы кезде оппозициялык социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева ал жана анын партиялаштары азыркы бийлик сунуштаган кызматтарга барбасын айтып, бирок тышкы иштер министрлигине тил билген, жаш кадрлар келсе болот эле деген каалоосун айтты:

- Бир жолу элчи болсо эле кадрдык дипломат дегенге күлкүм да келет, кыжырым да келет. Туура, элчи деген оңой иш эмес. Анчалык болсо Приживойт келди, аны да миинстрликке чыгарышпайбы. Кеп анда эмес го. Тышкы иштер министрлигине чет тилди билген бир жаш кадрлар келсе болот эле. Булар баары эле азыркыдай, музоодой болуп эле эч ким менен чет тилде сүйлөшө албай четте тура беришеби?

Тышкы иштер министрлигине барышы күтүлүп жаткан Медет Садыркулов ыңкылап алдында Иранда Кыргызстан элчиси кызматын аркалап келген. Ал мурунку президент Аскар Акаев учурунда 1999-жылы президенттик администрация, андан кийин Эсеп палатасын жетектеп, 2000-жылы Иранга элчи болуп кеткен. 2007-жылы апрель айында азыркы президенттин администрациясын жетектеп, 8-январда кызматынан бошотулган эле.























  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG