Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Оппозиция өкүлү азил сүрөт үчүн соттолобу?


Эркин Бөлөкбаев бул ишти саясий тапшырма катары баалоодо

Эркин Бөлөкбаев бул ишти саясий тапшырма катары баалоодо

Баш прокуратура Жашылдар партиясынын кеңсесинен табылган азил сүрөттөрдө президентттин кадыр-баркына шек келтирген сөздөр бар деген негизде сотко кайрылган. Сот бул боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти кароого киришти.

Өткөн ишембиде баш прокурордун арызынын негизинде кылмыш ишин козгогон Биринчи май райондук соту ишти кароону 16-январга белгилеген эле. Бирок бул күнү Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин жактоочуулары Азимбек Бекназаров менен Таалайбек Курманалиевдин келбей калышына байланыштуу сот ишти кароону 28-январга жылдырды.

Жашылдар партиясынын кеңсеси 13-декабрда тинтүүгө алынып, ал жерден президент Курманбек Бакиевдин азил сүрөттөрү (карикатуралары) табылган. Аталган сүрөттөрдө президентти шылдыңдаган сөздөр бар, “Жашылдар” партиясы президентти келекеледи деп Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган.

Баш прокурордун арызынын негизинде Кылмыш кодексиндеги 128-беренесинин (“Шылдыңдоо”) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Жашылдар партиясын жетектөө менен бирге Элдик революциялык кыймылдын штабынын жетекчиси жана Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү болуп келаткан Эркин Бөлөкбаев ага каршы кылмыш ишинин козголушун саясий буйрук катары баалайт:

- Бул саясий буйрук. Биздин кеңсебизди текшерип, Кытай уну боюнча, 20-декабрга белгиленип жаткан митинг, элдик революциялык кыймылдын материалдарын издешип, эч нерсе табышкан жок. Анан ошол карикатураларды шылтоо кылып кылмыш иш козгошту.

Э.Бөлөкбаев табылган сүрөттөрдө президенттин беделине шек келтире турган эч нерсе жок экенин, болгондо да аталган плакаттар кеңсенин дубалында гана илинип турганын кошумчалады.

Бул партиянын кеңсесинен табылган плакаттарда “Тезектештирүү - өлкөнү сактоо!”, “Тезек абдан сонун!”, “Сен генератор сатып алдыңбы?!” деген сыяктуу сөздөр жазылган.

Жашылдар партиясынын лидерине кеңсесинде илинип турган саясий карикатуралар үчүн кылмыш ишинин козголгондугу боюнча мурдагы медиа өкүл Шамарал Майчиев “Азаттыкка” төмөндөгүчө пикирин билдирди:

- Э.Бөлөкбаевдин кеңсесинен табылган сүрөттөрдү мен көргөн эмесмин, аны көрмөйүнчө бир нерсе айтыш кыйын. Бул карикатураларды атайын эксперттер карап, анда чындыгында эле уят-сыйытка жатпаган бир нерсе табышса анада башка сөз. Аны Баш прокуратура баалай албайт, аны атайы адистер баалашат. Азил сүрөт ар кандай болот, шарж түрүндө, тамашакөй, какшыктаган маанайда болот.

Айрым байкоочулар акыркы мезгилде бийликтин жүргүзгөн саясатына сын пикирин ачык айтып келген саясатчыларга куугунтук өзгөчө күч алганын айтышууда. Маселен соңку бир нече ай ичинде эле “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери А. Жекшенкуловго, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковго, “Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаевге, «Алиби» гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековго кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары укук коргоочулар Төлөйкан Исмаиловага, Азиза Абдырасуловага каршы куугунтук аракеттери байкалды. Таласта болсо “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин автоунаасы камакка алынып, партиянын мүчөлөрү суракка алына баштаган. Мына ушундай куугунтуктоолордун күн санап күч алышынан улам саясий куугунтукка каршы комитети түзүлгөнү маалым.

Аталган комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев эгерде бул сүрөттөргө байланыштуу сот Эркин Бөлөкбаевди күнөөлүү деп тапса, анда президент Курманбек Бакиев өзү уятка калат деген пикирде:

- Эркин Бөлөкбаевге каршы болбогон бир шылтоону таап кылмыш ишин козгошту. Аскар Акаевдин учурунда жылына бир-эки кишиге кылмыш иши козголсо, азыр саясий негизде кылмыш иши күн сайын козголуп жатат. Меним оюмча, бийлик ажалы келип калды го.

Ал эми Баш прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиев Эркин Бөлөкбаевге каршы кылмыш иши саясий негизде козголду деген пикирлерди четке какты:

- Эч кандай саясий негиз жок. Мыйзамда президенттин кадыр-баркын, беделин коргоо укугу Башкы прокуратурага берилген. Биз ошол мыйзамдын негизигде сотко кайрылдык. Ал эми бул боюнча акыркы чечимди сот чыгарат да.

Айрым маалымат булактарына таянсак, саясий карикатура 18- кылымда Англияда, Францияда жана Голландия жаралган. Кийинчирээк Европада жана Америкада саясий карикатуралар шайлоо өнөктүгү учурунда активдүү пайдаланыла баштаган.

Ал эми Кыргызстанда саясий карикатуралар үчүн жарандар жоопко тартылыш керекпи же жокпу, муну сот эми 28-январда чечет.

XS
SM
MD
LG