Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

“Болот Шерниязов өлсө да оппозициядан кетпейт, санаалаштарын сатпайт”


“Ата Мекен” партиясынын Талас областында өткөн конференциясына Болот Шерниязовдун атынан жолдонгон кайрылуу катты аталган партиянын штабынан “Азаттыкка” жеткиришти. Кайрылуу катында Б. Шерниязов аны “оппозициядан кетти, үй-бүлөсү менен Америкага качып кетти” деген сыяктуу маалымат каражаттарындагы ушак-айыңдарга ишенбегиле деп билдирген. “Шерниязовду атып салып эле өлүгүн сүйрөп кетпесеңер - ал кетпейт оппозициядан, ал өз санаалаштарын сатпайт”, “Шерниязовду өз эли-жеринен ургулап качырууга бул бийликтин “жумурткасы” да жетпейт”,- деп баса белгилеген. Б. Шерниязов ошондой эле бийликтен тазалыкты талап кылган оппозициялык «Ата Мекен» партиясы өзү да таза болуш керек деп билдирген: “Жаман менен жакшыны ажырата алабаган бийлик – өлгөн бийлик. Жаман менен жакшыны ажырата албаган оппозиция - өлгон оппозиция.... Карама-каршы көз караш бийлик менен оппозициянын ортосунда эмес, партиянын ичинде да болуп, ошондон тыянак чыгара алсак ошондой партиянын келечеги болоруна ишенем. Таластагы “Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү өз арасын кирдетпейт, таза сактап, өз принцибинен тайбай, элдин ишенимин жоготпойт деп ишенем”. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG