Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Ысыккөлдүктөр УТРКда “Азаттык” берүүлөрүн калыбына келтирүү талабы менен президентке кайрылуу жолдошту


“Азаттыктын” теле жана радио берүүлөрүн баштагыдай Улуттук каналдан жана кыргыз радиосунун экинчи программасы (“Белес” радиосу) аркылуу элге таратуу талабын адегенде Жети-Өгүз районунун тургундары көтөрүп чыкты. Барскоон айылындагы “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева бул зарылдык аталган райондо интернет байланышынын жоктугунан келип чыкканын маалымдады.”Карек” уюмуна чогулгандар аймакта “Ачык саясат”, “Учур” өндүү көз карандысыз гезиттер да келбейт, ошондуктан өлкөдөгү чындыкты “Азаттык” радиосу аркылуу угуп туруу элге арзан жана эң ыңгайлуу эле”, деп билдиришти. Жыйындын аягында бул боюнча өлкө башчысы Курманбек Бакиевге, эл аралык уюмдарга, УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановго жана “Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы директору Кубат Оторбаевге кайрылуу жолдонду. Анда: “3 айдан ашык “Азаттыктын” радиоберүүлөрүн толук кандуу уга албай атабыз, мындай мамиле угармандардын укугун басмырлоо деп эсептейбиз. УТРКда “Ыңгайсыз суроолор” менен “Азаттык+” көрсөтүүлөрү да калыбына келтирилсин! Көлдүн бардык жеринде өткөрүлгөн чогулуштарда эл ушул талапты коюп атат. Кайрылууда ошондой эле “Азаттыкты” коргоо комитети түзүлүп, ага кошулгандардын саны күн санап өсүп жатканы белгиленген. (RB)

XS
SM
MD
LG