Кечээ мамлекетттик телевидениеден сүйлөгөн президент өкмөттүк кызматкерлерди “кечирилгис ката” кетиргендиги үчүн айыптады. Бул - Бердимухаммдеов бийликке келген дээрлик 2 жылдан берки эң чоң кадр алмаштыруу болуп калды. Анын натыйжасында энергия, байланыш, спорт жана туризм министрлери, мунай компаниясынын жана геология агенттигинин башчылары иштеринен алынды.