Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Москва-Киев чатагы ашмалтайга айланды


Украина менен Орусия ортосунда чаз чатагын жөнгө салуу маселесин кечээ, 15-январда Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун айтты. Ал ошондой эле тараптарды бул маселени тезинен чечүүгө чакырды. Мындай билдирүү Украинанын президенти Виктор Ющенко менен жолуккандан кийин жасалган.

Азыр болсо газ тегерегиндеги кармаш Берлинде Орусиянын өкмөт башчысы менен ФРГнын канцлеринин жолугушуусундагы башкы кеп боло турганы айтылууда. Алдыңкы күнү болсо орусиялык премьер эл аралык консорциум түзүү сунушун киргизген. Ал техникалык газды сатып алып анан андан ары көгүлтүр отунду жагуучуларга жеткирип туруучу уюм болмокчу деген.

Орусия менен Украин ортосундагы көгүлтүр отун соодасынан келип чыккан чатак ашмалтай ишке айланып калды. Жетекчилердин ит жыгылш кептери көргөн-укканды таң калтырбай калды дешет.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев ушул апта ичинде, так айтканда, 17-январь, ишембиде Москвада газ жагып аткан өлкөлөр жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бирок азыркы тушка дайын болгонго караганда, ага европалык жетекчилердин келип берери арсар. Агенттиктер маалымдаганга караганда, жолугушууга еврошаркеттин энергетика боюнча комиссары Андрис Пибалгис жана Чех жумуриятынын энергетика министри Мартин Риман келише турганын жазышууда.

Мындай мамилени арачысы жок чечүү мүмкүн эмес экендигин Pro et Contra журналынын баш редактору Мария Липман айтат:

- Орусия көгүлтүр отунду саясий аспап катары пайдалана баштады. Бул жагдайда монополиялык кылган «Газпром» өз билгенин жасап атат. Бирок бул жерде Орусия өз кызыкчылыгын эске алып атат. Тирешүүнүн чечилбей атышы ошондон. Москва энергетика кубатын өндүрүү үчүн керектелчү отунду жеткирүүдө ишенимден чыгып калды.

Ал эми украин анализчиси Евген Глибовскийдин баамында, Европага көгүлтүр отун чыгарууда орусиялык тарап менен кармаш аягына чыгып калды. Бирок тирештин акыры ушуну менен эле бүтпөйт:

- Кайра күчөйт. Украина качан Орусиянын акчасы түгөнөр экен деп сынап атат. Чындыгында азыр саясий каржылык кысымга дуушар болгон өлкө - Орусия. Бирден бир акча түшчү ишкана «Газпром» калды.

Шаршембиде Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин мындай деген:

- Биздин табигый газды жеткирүүдө кыйынчылык бар экендиги туурасында украиндик кесиптештер жана достор оозунан угуп атабыз. Бирок бул биздин кыйынчылык эмес, бул ара жолдогу өлкөнүн кыйынчылыгы.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Европа коюнундагы өлкөлөр арасынын көгүлтүр отун жеткирилбегенге байланыштуу катуу жабыр тарткан өлкөлөр: Словакия, Болгария, Молдова экени дайын. Маселен, Словакия өкмөт башчысы Роберт Фицо шаршембиде айткан билдирүүсүндө, үйлөргө жага турган отун такоолу 12 күнгө гана жетерлик калган.

Еврошаркеттин төрагасы Жозе Мануэл Баррозо билдиргенге караганда, «Москва менен Киев кезегинде ЕБ өлкөлөрүнө газды жеткирүү боюнча алышкан милдеттенмелерин аткарбай атышат. Мунун өзү аларды сотко берүү үчүн олуттуу негиз болот».

XS
SM
MD
LG