Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Буга дейре 14-январда өкмөт башчы Игорь Чудинов Москвага иш сапары менен барып кайткан. Премьер-министр анда Орусия Кыргызстанга берем деген 300 миллион АКШ долларына тете насыянын жол-жобосун сурап кайткан. Кечээ өкмөт-башчы ал сүйлөшүүлөрдүн чоо жайы менен өлкө башчысы президент Курманбек Бакиевди тааныштырганы маалым болду. Кабарларга караганда К.Бакиев Москвага барган иш-сапарында ЕврАзЭС жана ЖККУнун саммиттерине катышып кайтат. Буга чейин айрым саясатчылар Кремль бере турган насыянын жол-жобосун Бакиев менен эмес, өкмөт башчы менен талкуулаганы, “Орусия Бакиевге ишеним артпай атат” дегенди билдирет деп чыгышкан. (EK)