Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Укук коргоочулар Ноокат окуясы боюнча Ош обулустук сотуна көз карандысыз байкоо салышат


Бул үчүн эртең “Кылым шамы” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын төрайымы Данара Ошурахунова Ошко жөнөп кетишет. Буга чейин сот ачык өтөт деген менен ага мамлекеттик ММКлардан сырт журналисттер жана укук коргоочулар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатканы кабарланган. Ош облустук соту 16-январдан тарта Ноокат окуясы боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Маалым болгондой 1-октябрда райондук акимиятын таш бараңга алуу боюнча Ноокат райондук соту тарабынан 32 адам соттолуп узак мөөнөттөргө кесилген. Мындай чечимге макул эмес айыптачуулар каршы арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылышкан эле. (EK)

XS
SM
MD
LG