Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Ноокат тополоңу боюнча айыпкер тараптын доо арызын сот четке какты


Бүгүн Ош областтык соту Ноокаттагы массалык тополоңго байланыштуу айыпталгандардын доо арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 27-ноябрда Ноокат райондук сотунун чечим менен тополоңго тиешеси бар деп айып тагылган 32 адам 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. Сот бүгүнкү отурумунда айыпталган 32 адамдын бирөөсүнүн- Сордар Нуралиевдин жаза мөөнөтүн сегиз жылга кыскартты. Буга чейин 18 жылга кесилген С.Нуралиевге жаза мөөнөтү ал жашы жете элек болгондугуна байланыштуу өзгөртүлдү. Айыпталгандардын жактоочулары соттун бүгүнкү чечими менен макул болбой, аппеляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышаарын билидиршти. Белгилүү болгондой, 2008-жылы 1-октябрь - Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салып, нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратын таш бараңга алышкан. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG