Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

“Ата Мекендин” жыйыны өткөн жерге Таластан жана Бишкектен милиция күчтөрү тартылды


Бул тууралуу СДП фракциясынын депутаты Роза Отунбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясынын бүгүнкү жыйыны учурунда жергиликтүү бийлик тараптан бир топ тоскоолдуктар болду. Учурда Талас областтык ички иштер башкармалыгы куралдарды мыйзамсыз алып жүрөт деген негизде партия лидери Ө.Текебаевди жана анын айдоочусун райондук ички иштер башкармалыгында кармашууда. Р.Отунбаеванын айтымында, милиция Текебаевге таандык куралдарды жана үн күчөткүчтөрдү алып койду. “Үн күчөткүчтөр партиянын эртеңки жыйынын үзгүлтүккө учуратыш үчүн алынды”, -дейт Р.Отунбаева. Ал эми ИИМнин басма-сөз кызматы Таласка 10 автобус менен бир нече жүз милиция кызматкери келгендиги тууралуу маалыматты четке какты. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG