Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Апта: Бакиевди курчаган топтор, орус насыясы, саясий куугунтук...


Өтүп бараткан жума бийликте кадрдык өзгөрүүлөр, оппозицияда саясий куугунтукка каршы аракеттер, 2 миллиард доллар насыя боюнча сүйлөшүү жана АКШ базасын чыгаруу каңшаары менен коштолду.

Кадрдык өзгөрүүлөр 2010-жылды көздөгөн жүрүштөрбү?

Өтүп бараткан жумада президент кадрдык өзгөртүүлөрдү улантты.8-январда кызматынан кеткен Медет Садыркуловдун ордуна Данияр Үсөнов президенттик администрацияны жетектегени келди. Каржы министрлиги сыналган жана тажрыйбалуу Марат Султанов менен бекемделди.

Президенттин катчылыгы түзүлгөндөн кийин анын жобосу бекитилип, ага ылайык президенттин маалымат тармагын тейлөө катчылыкка оодарылды. Натыйжада президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев бир айлык эмгек өргүүсүнө чыгууга мажбур болду. Анткени басма сөз катчынын ыйгарым-укуктары катчылыкка өткөрүлүп берилди.

Жуманын соңунда тышкы иштер министри Эднан Карабаев кызматынан бошотулуп, анын орду Медет Садыркуловго даярдалып коюлду. Булардан сырткары ички иштер министрлигинин жетекчилигинде да алмашуулар болуп өттү.

Саясат таануучу Марс Сариев бул кадрдык өзгөрүүлөрдү келерки жылы боло турган президенттик шайлоо менен байланыштырууда:


-Менин оюмча, азыр президенттик шайлоо кампаниясы башталды. Кадрдык өзгөрүүлөрдүн, дайындоолордун максаты ошол. Ушуну менен старт башталды.

Азыркы мезгилде президенттин айланасында ал таянган эки топ калууда. Анын биринчиси, азыркы мезгилде саясий, кадрдык жактан таасири күчтүү болуп турган Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов кирген топ болсо, экинчиси элде «бригада» деп аталган, курамына Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, Камчы Ташиев жана Садыр Жапаров кирген топ. Бул топтун жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ар кандай легендалар да жөн чыккан эмес.

Ал эми президентке жакын болуу үчүн таймашып келген Үсөн Сыдыков менен Медет Садыркуловдун тобу Ак үй короосунан кыйла алыстап калды.

Андай деген менен Медет Садыркулов тышкы иштер министрлигине барып, президенттин командасында кала берет деген сөздөр бар. Садыркулов өзү да оппозицияга кошулушу мүмкүн эместигин билдирип келет. Ал эми Тышкы иштер министрлигине баруу сунушуна азырынча макулдук бере электигин билдирди:

-Жок-жоок, макулдугумду бере элекмин. Анткени ал киши менен (президент) жолуга элекмин. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сөз болот го. Бирок... бул суроо ачык турат.

Албетте, бул топтордон сырткары президентке ар качан жакын кала бере турган үй-бүлөсү жана көптү калчап турган инилеринин тобу бар.

Президенттик шайлоого экинчи ирет аттануунун алдында Курманбек Бакиев мына ушундай кадрдык активтерге ээ болуп турат. Ал эми экономикалык жагын болсо Россиянын 2 миллиард доллар насыясы менен жабып кетүү жагы активдүү түрдө караштырылууда.

Россия насыясы демекчи...

14-январда премьер-министр Игорь Чудинов Москвада болуп, орус президенти Дмитрий Медведев, өкмөт башчысы Владимир Путин жана башка министрлери менен жолугушуп, 2 миллиард доллар насыянын шарты боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келди. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев сүйлөшүүлөр насыянын шарты, кызматташуунун формасын аныктоодо болуп жатканын билдирди:

-Эми азыр сүйлөшүүлөр ошол стадияда болуп жатат. Насыяны иштетүүнүн формалары кандай болоору да чечилип жатат. Же Россия келип, бул жерде биргелешкен ишкана түзүп, ошого инвестиция келеби, же Кыргызстан насыя алып, өзү Камбар-Атага жумшайбы... Азыр ошол формаларды талкуулап жатышат. Игорь Витальевич Чудинов барганда да ошол жөнүндө сөз болду. Кандай формада болот, үстөк пайызы канча болот, анан кандай келет, бөлүнүп-бөлүнүп келеби, бюджетке кандай жумшалат. Ошонун жолдорун сүйлөшүштү, деген Айбек Султангазиев 2 миллиард доллар маселеси ушул жылы чечилүүгө тийиш экендигин эки тарап белгилеп жатканын кошумчалады.

Президент жыл соңунда РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда январь айынын орто ченинде Москвага барарын айткан. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, Курманбек Бакиевдин Россияга сапары февраль айынын башында Евразия экономикалык жана Жамааттык коопсузуздук келишими уюмунун саммитинин алкагында жасалат. Бул арада Москва менен Бишкектин адисттери насыя боюнча сүйлөөшүүнү улантат.

Кыргыз коомчулугунда болсо орус насыясы кандай шартта келери тууралуу так маалымат жок. Эгерде 2 миллиард доллардын бюджетке бериле турган 300 миллион доллары жеңилдетилген шартта берилери айкын болсо, 1 миллиард 700 миллион доллар коммерциялык негизде берилет деген гана сөз бар.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева насыя тууралуу мындай пикирин билдирди:

-2 миллиард доллар насыянын 1 миллиард 700 миллиону өкмөттүн кепилдигинде болсо, биздин карызыбызды эки эсе кылып көбөйтөт. Бул болсо биз үчүн оор, аны биз көтөрө албайбыз. Бул коммерциялык насыя болот дегенге менин көзүм жетпейт. Анткени андай насыяны ала турган ишеничтүү бизнес да жок.

Экинчи жактан алганда, бийликтин насыяны кандай болбосун алууга умтулуусунун да түшүнүктүү жагы бар. Анткени бийлик келерки президенттик шайлоону мына ошол 2 миллиард доллар насыянын күүсү менен жеңип кетүүнү көздөп турат.

Бул насыяга байланышкан дагы бир каңшаар-бул АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын Манастагы базасын кыргыз бийлиги чыгарууну көздөп жатат деген сөздөр болду. Абройлуу маалымат каражаттары Ак үйдөгү атын атагысы келбеген ишеничтүү булактарына таянып, президент Курманбек Бакиев Москвага сапарынын алдында базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коет, ал Россиянын насыя берүүгө макул болушунун шарттарынын бири деген маалыматтарды таркатууда.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислан Рыскулов андай маалыматтар жок экенин билдирди:

-Жок. Маалымат жок азырынча. Эчтеке жок азырынча.

Саясий куугунтук...

Бул жумада кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурган окуя-бул саясий куугунтукка байланыштуу комитеттин түзүлүшү болду.
Бул комитеттин түзүлүшүнө улаалаш болгон «Ата Мекен» партиясынын Талас районундагы конференциясы ар кандай чагымдар менен

коштолуп, ишемби күнү Кара-Буура районунда партия лидери Өмүрбек Текебаев кармалды. Ага автоунаасында курал алып жүрөт деген айып коюлду. Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев куралдардын документтери бар экенин, коопсуздугунан чочугандан курал алып жүргөндүгүн билдирди:

-Кандай куралдын түрү чыкпасын алардын баарын мыйзамдуу түрдө алып жүрөм. Эки жылдан бери алып жүрөм. Анткени өзүмдүн өмүрүмө реалдуу коркунучту сезем. Анын далили катары бүгүн аким өзү жетектеп, бир нече чагымчыл аялдарды жана эркектерди бизди көздөй тукурду. Биз милиция жана прокуратурадан аларды токтотуп, бизди коргоп калууну сураганда, алар эч кандай чара көргөн жок. Бизди көздөй ар кандай предметтер, ошонун ичинде жумурткаларды ыргытышты. Таш менен урушту. Эгерде бизди коргогон жыйырмадай адам болбогондо ал жерде чоң чатак чыкмак. Бакиевдин убагы, Бакиевдин саясаты бизди ушуга мажбур кылып жатат.

Автоунаадагы курал менен кошо милиция кызматкерлери үн күчөткүч аппараттардын баарын алышкан. Милициянын максаты үн күчөткүч аппараттарды алып, жекшембиге белгиленген жолугушууларга тоскоолдук жасоо болчу деген депутат Роза Отунбаева бийликтин аракетин мындай баалады:

-Бул бийликтин коркуп жатканын көрсөтүп турат. Бийлик калтырап-титиреп араң эле отурат. Кыргызстан боюнча жарык болбосо, уурулук катуу болсо, анан булар алкымы тойбой уурдап атса, эл болсо кайсы районго барбасак араң эле турушат. Эл өзү да араң эле турушканын айтышууда.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков Таластагы окуяны саясий куугунтук катары баалады:

-Бул саясий куугунтук. Текебаевди жамандоо. Аны эптеп-септеп кармап, жазага тартуу. Анан кийин ошондой адамдардын оозун жаап, үнчыктырбай, өздөрүнүн элге каршы саясатын жүргүзүү. Мындан башка сөз айта албайсың. Эгерде муну тез арада токтотуп, кечирим сурабаса, элдин кыжырын кайнатып, алардын көчөгө чыгуусун тездетүүгө өздөрү шарт түзүп беришет.

Ички иштер министрлиги Таласта оппозицияга каршы эч кандай чагым даярдалып жатпагынын буга чейин билдирген. Ал эми ишембидеги окуяда оппозиция митинг өткөрүү боюнча административдик тартипти бузганын, алынган куралдардын мыйзамдуулугу жагынан да суроолор бар экенин ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов «Азаттыкка» билдирди.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Талас окуясында бийлик оппозицияга кысым көрсөтүүдө ашынып баратканын көрсөтүп жатканын, анын аягы жакшы болбосун белгиледи.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG