Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:37

Жалал-Абат облусунда Жогорку Кеңешге депутат болчу аялдар даярдалууда


Облуста эркек талапкерлер менен шайлоо жарышында тең тайлаша турган беш аял иргелип алынды. Дагы бешөө издештирилүүдө. Алардын арасында «Ак жол» партиясынын мүчөлөрү жок. Мындай маалымат Кыргызстандагы аялдардын бейөкмөт уюмдарынын форумунун облустагы координатору Чолпон Эргешовадан алынды. Анын айтымында талапкерлер уюмдун «50 аял саясатта» деген долбоорунун алкагында шайлоочулар арасында иштөө, үгүт өнөктүгүн жүргүзүү ыкмаларына көнүгүшөт, мыйзамдардагы соңку өзгөртүүлөр менен тааныштырылат, бюджет саясатына үйрөтүлөт. Кайсы партиядан талапкер болууну аялдар өздөрү тандашат жана аларга өлкөдөгү саясий партиялар тууралуу маалымат берилет. Облустук шайлоо комиссиясы былтыр жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин койгон 306 аялдын 184 депутат болгонун билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG