Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

Израилдин жетекчилиги ок атышууну токтотуу буйругун берүүнү караштырууда


Израиль 3 жумадан бери Газа тилкесинде Хамастын согушкерлерине каршы аскерий операция жүргүзүп келатат. Жөөт өкмөтүнүн башчысы Эхуд Олмерт бүгүн кечинде коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, бир тараптуу түрдө ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алып албоо керектигин талкууламакчы. Бул тууралуу Израиль өкмөтүнүн расмий өкүлү билдирди.

Бирок Израиль Газанын камоолун алып салуу боюнча Хамастын талабына макул болобу же жокпу белгисиз. Кечээ Вашингтондо АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни Хамастын куралдануусун алдын алуу үчүн эки өлкө ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Хамас Израилдин аймагына аткан ракеталардан жана Тел-Авив топко каршы баштаган уруштан израилдик 13 киши каза болду. Ал эми палестиналыктардын жоготуулары 27-декабрдан бери 1 миң 150дөй кишиге жетти. Улуттар уюмунун гуманитардык иштер боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, түн ичинде израилдик танктын дүрмөтү Улуттар уюму негиздеген мектепке тийип, 2 киши мерт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG