Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Таластагы тукурук - борбордон барган буйрук


Өмүрбек Текебаевдин Кара-Буурада кармалып соттолуп жатышы бийлик тарабынан уюштурулган чагымдын натыйжасында болуп жатат. “Ата Мекен” партиясынын лидерин кармоо окуясына баштан аяк күбө болгон Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Бакыт Бешимов “Азаттыкка” ушундай маанидеги ой-пикирин бөлүштү.

- Кара-Буура районунда эмне болгону сотто айтылды. Анда милиционерлер айтып жатышты : "Биз көрбөдүк, тартип анча деле одоно бузулган жок" деп. Биз айттык, кафеге эле уруксат берип эч кандай жолтоо бербегенде жыйын тынч эле өтмөк деп.

Анан эң жаман жагы, сотту дүйшөмбүгө которгону болуп жатат. Которулган себебин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн келбей калганы менен түшүндүрүшту. Эч бир түшүнүксүз себеп. Эмне үчүн дегенде алар, ошол эле акимдер, айыл өкмөт башчылар жүргөн сотко чейин эле. Анан эле жоголуп кеткени таң калыштуу.

Булар биринчи кезекте жергиликтүү бийликтегилер менен укук коргоо органдары болуп жатат. Биз деле түшүнүп турабыз, алар деле жогорку жактын көрсөтмөсүнөн чыгалбай жатканын. Бул борбордун буйругун аткаруу экени ачык эле байкалат.

Депутат Бакыт Бешимов (СДП). 2008-жылдын 20-декабры.


- Текебаевди курал алып жүрүүнүн эрежесин бузган деген айыптоого кандай көз карашта болуп жатасыз? Деги эле курал алып жүргөн өзү туурабы?

- Мен аны кандай түшүндүрсөм? Бул эми баарыга маалым, учурдагы куугунтуктар болуп жатат. Болгондо да одоно түрдө. Буга чейин тарыхта бир канча депутаттарды атып кетишти. Кылмыштардын изи ачылбай жатат. Ачык эле кол салуулар, киши жоголуулар болуп жаткан кезде курал алып жүргөн туура деп ойлойм.

- Соттон кийин Өмүрбек Текебаев бошотулдубу?

- Ооба. Ал эркин эле жүрөт. Закон бузулбаса, жөнөкөй эле провокациянын жыйынтыгы болуп жатса кармалмак беле?



XS
SM
MD
LG