Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

T.Акун: Жергиликтүү бийликтин аракети аша-чапкандык


Талас облусунун Кара-Буура районунун акими, укук коргоо органдары оппозициячыл саясатчыларга жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата жасаган мамилеси аша чапкандык, деп билдирди “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун. Анын айтымында, жергиликтүү администрация “бөрк ал десе баш алып” ак үйгө жагынып кошомат кылып, Конституцияны сыйлабастан мыйзамдын чегинен чыккан иш аракеттерге барууда. Ал ошондой эле буга байланыштуу Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы тууралуу келерки апта башында коомчулукка жарыялаша тургандыгын билдирди. Т.Акундун пикиринде оппозицияга каршы чагым уюштуруу, Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишин козгоо сыяктуу маселелерге президент Курманбек Бакиев көрсөтмө берди деген ойдон алыс. 17-январда Кара-Буура райондук прокуратурасы Ө.Текебаевге уруксат берилбеген мыйзамсыз түрдө митинг өткөрдү, курал-жарактар боюнча мыйзамды бузду, деп айып тагып сотко ишин өткөргөн. Ишембиде райондук сот жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө катары сотко келбей койгондугуна байланыштуу бул ишти дүйшөмбүгө которду. (AJ)

XS
SM
MD
LG