Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Ө.Текебаевди Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакырды


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алманбет Шыкманбетовдун айтымында, учурда Талас облусунун Покровка айылында аталган партиянын мүчөлөрү бараткан авто унааны МАИ кызматкерлери токтотуп, тинтүүгө алууда. “БЭКтин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловду Манас райондук сотуна чакырып кетишти. Ага 17-яннварда Манас районунда мыйзамсыз түрдө митинг өткөрдү деп айып тагышууда. Өмүрбек Текебаевди болсо Кара-Буура РИИБсине кайра чакырып кетишти”, дейт Шыкманбетов. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана БЭКтин өкүлдөрү саат 11де Бакай-Ата районунда эл менен жолугушмак. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG