Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

БЭКтин саясий бюросу чукул чакырылган жыйын өткөрдү


Анда Талас облусундагы “Ата Мекен” партиясынын жана БЭКтин мүчөлөрүнө карата жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз иш аракеттери талкууланды. БЭКтин саясий бюросу бийлик учурда түзүлгөн саясий-экономикалык кризис, өлкөдөгү оор кырдаал боюнча чындыкты айтуудан коркуп, оппозицияны кысымга ала баштады деген баасын берди, деп билдирди Бириккен элдик кыймылдын секретариатынын жетекчиси Асанбек Сарыбаев. Анын айтымында, БЭКтин Улуттук кеңеши дүйшөмбүдө жыйын өткөрүп, Таластагы окуяга баасын берип, коомчулукка кайрылуу жасайт. Ал эми ИИМдин маалымат кызматы болсо оппозициянын Талас облусунда “Ата Мекен” партиясынын конференциясы деп коюп митинг өткөрүп жүрүшкөнү мыйзамсыз деп эсептейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG