Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Таластагы окуя боюнча СаККК билдирүү таратты


Учурда Кыргызстанда бийлик саясий куугунтукка алууну апта сайын эмес, күн сайын күчөтүүдө, деп билдирди Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка”. Анын айтымында, Талас облусунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен БЭКтин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловго укук коргоо органдары жалган айып тагып, соттук териштирүүгө алганы кырдаалды ого бетер курчутат. Ал ошондой эле бийликтин, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш аракеттери боюнча коомчулукка, эл аралык уюмдарга билдирүү жолдогонун кошумчалады. “Бир айга жетпеген аралыкта экс-министр Исмаил Исаковго эки кылмыш ишинин козголушу, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун бир тууган инисине жана баласына кылмыш ишинин ачылышы, оппозициячыл саясатчыларга прокуратура тарабынан эскертүү берилиши тикеден-тике саясий куугунтук”,- дейт Тургуналиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG