Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты кечээ аяктады


Бул таймашта жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлдү. Ага күч сынашканы Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын балбаны катышты. 60 кг. салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Нурлан Турарбек уулу, 66 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Надырбек уулу, 74 кг салмакта олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлү, бурят балбаны Ботыр Базаров, 86 кг салмакта күрөш боюнча олимпиадалык резерв мектебинин балбаны Адылжан Акумов, 96 кг. салмакта бишкектик Дмитрий Чуплан финалда жеңишке жетишип, биринчи орунду ээлешти. (AJ)

XS
SM
MD
LG