Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Текебаевдин куралга байланышкан ишин сот кийинчерээк карайт


Кара-Буура райондук соту бүгүн райондук милициянын арызын карап, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге эскертүү берди. Райондук милиция Текебаевге уруксатсыз жыйын өткөрдү деген доомат койгон. Текебаев сотто 17-январда эл Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын мүчөлөрү Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаеванын эл менен уюштурулган жолугушуусу үчүн чогулган деп билдирди. Ушул эле отурумда сот курал-жарактарга байланышкан иш сотко келе электигин билдирди. Текебаевдин билдиргенине караганда бул иш соттук-баллистикалык экспертизанын жыйынтыгынан кийин каралары күтүлүүдө.

17-январда Кара-Буурада “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин автоунаасынан 32 огу менен "Сайга" мылтыгы, “Карабин” мылтыгы жана бир тапанча табылгандыгы кабарланган. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалганын, текшерүүдө октор согуш куралдарына колдонулат деп табылса Текебаевге каршы кылмыш иши козголушу ыктымал экенин ошол эле күнү билдирген. Текебаев өзү болсо милиция автоунаасанын тапкан куралдар мыйзамдуу экенин, аларды өмүрүнө коркунуч барын сезген үчүн алып жүргөнүн билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG