Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

ИИМ: Текебаевдин автоунаасынан табылган курал-жарак экспертизага берилди


ИИМ бүгүнкү тараткан маалыматында 17-январда “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин автоунаасынан табылган куралдардын так аталыштарын жарыялады. Анда белгиленгенге караганда, Кара-Буура районунда оппозициячынын автоунаасынан «Blow compakt mod – 2002» №5-13608 маркасындагы газ менен дүрмөттөлгөн тапанча төрт дүрмөтү менен, «Escord» №064884 маркасындагы винчестер 12 калибрдеги алты огу менен, «Сайга – М» №04130626 маркасындагы карабин окчонтоюнда 7,62 мм. калибрдеги 23 огу менен кармалган. ИИМ учурда аталган куралдардын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат деп билдирди. Оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаев автоунаасынан табылган курал-жарактар мыйзамга каршы келбейт деп билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG