Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

Таластагы окуялар боюнча ИИМ жана оппозиция бири-бирин айыпташты


ИИМдин тараткан дүйшөмбүдөгү маалыматына караганда Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунда, Талас шаарында 17-18-январда кайра шайлоо конференцияларын өткөрүү үчүн барган “Ата-Мекен” партиясынын лидерлери жана алардын тарапкерлери мыйзамсыз аракеттерге барды жана жергиликтүү калктан колдоо тапкан жок. Мындай дооматты ИИМ автожолдордо авариялык жагдайлар түзүлдү, уруксат берилбеген митингдерди өткөрүү аракеттери жасалды, оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаев курал менен кармалып, “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митинг, демонстрация өткөрүү укуктары жөнүндөгү” мыйзамын бузду деп негиздеди.

Оппозиция болсо жергиликтүү бийлик жарандардын Конституциялык укуктарын чектеп, ар кандай чагымдарды уюштуруп, кысым жасады деп жатат. Партиянын конференциялары эле эмес, СДП фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаеванын элге жолугушуусуна да тоскоолдук кылды деп билдирди “Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева. Анын айтымында ар кандай кысымдарга карабастан партия белгиленген беш конференциянын төртөөнү өткөрдү.

Кошумчалап койчу жагы Кара-Буура району боюнча бүгүн, Манас району боюнча кечээ түнү ИИМдин арызынын негизинде райондук соттор уруксатсыз жыйын өткөрдү деп “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловго менен Ата Мекендин” Талас облусу боюнча координатору Койсун Курманалиевага эскертүү беришти. Оппозиция лидерлери бийлик саясий кысымды күчөтүп жатат деп, жаз алды менен азыркы бийликтин саясатына каршы жер-жерлерде нааразылык акцияларын өткөрүүнү болжошууда. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев бүгүн Кара-Буурада өз тарапкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG